Бишкекте өзгөчө отургучтар пайда болду

Дата: 18:29, 15-05-2019.

Бишкек. 15 - май . КирТАГ –  Бишкектеги Жаштар аллеясына өзгөчө отургучтар орнотулду.

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык кызматынын өкүлдөрү отургучтар көздү "эриктирбеген" өзгөчө дизайнда жасалганын жана абдан ыңгайлуу экенин белгилешти.

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык кызматынын өкүлдөрү отургучтар көздү "эриктирбеген" өзгөчө дизайнда жасалганын жана абдан ыңгайлуу экенин белгилешти.

"Бул биз үчүн жаңы багыт. Жакында Чүй менен Манас проспектилерине курулуп жаткан эс алуу аянтчасына дагы орнотобуз. Айланага жакшы көрк берет", — дешти ведомстводон.

"Бишкекжашылчарба" кызматы жарандарды отургучка сүрөт тартпай, бүлдүрбөй, аяр мамиле жасоого чакырды.

Поделиться новостью: