КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 15:02 | 09 теке

Кыргызтанда шаар тургундары биринчи жолу «Час Земли» атуу дүйнөдөгү эң ири маасалык экологиялык акцияга катышат

Дата: 16:39, 26-03-2014.


«Үстүбүздөгү жылдын 29-мартында кечки сегиз отузда «Час Земли» атуу адамзат тарыхындагы эң ири массалык акция өткөрүлөт. Биздеги маалыматка караганда бул акцияга Кыргызстан биринчи жолу катышып жатат. Акцияга канча киши катышат биз азырынча айта албайбыз, анткени дагы деле даярдык иштери жүрүп жатат. Катышуучулар саны такталып жатат. Иш чарага Бишкек, Ош, Нарын жана Каракол шаарынын тургундары катышат», - деп билдирет фонд.

Анын сөзүнө караганда, «Час Земли» акциясы 2007 жылы Сиднейде (Австралия) Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фонддунун демилгеси менен старт алган. Бир жылдан кийин эле эл аралык экологиялык демилге дүйнөнүн булуң бурчундагы 35 мамлекеттен 100 млн киши колдоого алды. 2009-жылы болсо 126 өлкөгө тарады. 2013-жылы акцияны 152 мамлекет колдоп, 7 миң шаардан  2 млрд киши  массалык акцияга катышкан.

Уюштуруучулар, шаар тургундарын, уюмдар, мектеп, муниципалдык билим берүү жана коммерциялык мекемелерди свет жана электр жабдыктарын бир саатка өчүрүүгө чакырат. Уюштуруучулар муну менен климаттын өзгөрүү көйгөйү жана адамзаттын энергия менен биригип баратканын стимулдаштырганга аракет кылат.




Поделиться новостью: