Кыргызстандын президентинин ырлар жыйнагы жарыкка чыкмакчы

Дата: 16:17, 07-07-2016.


Бишкек. 7-июль. КирТАГ – Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өзү чыгарган бир нече ырдан турган СD-дискин чыгармай болду. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирди.

«Көптөгөн суроолорго байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү Мамлекет башчысы өзүнүн 60 жылдык юбилейине карата үй-бүлөсүнө жана жакындарына арнап, өзү чыгарган бир нече ырын CD-дискке жаздырууну чечкенин билдирет», - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин орус тилинде 5 ыр жазылган. Аны үн режиссер Эрнист Үмөталиев («Экорекордс» студиясы) Президенттин кеңсесинде жаздырган эле. Аудио жаздырууга Мамлекет башчысынын бир саатка чукул убактысы кетти. Август айында, эмгек өргүү учурунда Президент кыргыз тилинде дагы 5 ырын жаздырууну мерчемдөөдө.

Ырларды угуп, Президенттин көптөн берки жолдошторунун бири Фуркат Турсунов эски советтик фильмдердеги эпизоддорду пайдалануу менен ал ырларга көрмөклиптерди жасаган. Алардын даяр болгонун режиссер өзү каалаган убакта интернетке чыгарат.

Ошондой эле ырларды үн жазгычка жаздырган Эрнист Үмөталиевдин өтүнүчү боюнча Президент жаш режиссер Мирлан Саткынбаевге Кыргызстан жаштары тууралуу өзүнүн көрмө материалдарынын негизинде ырлардын бирине клип тартууга уруксат берди.

А. Атамбаев 2017-жылы өлкөнүн жаңы Президентин шайлоодон кийин эч кандай мамлекеттик кызматта иштебей тургандыгын бир нече жолу айтканын да эске сала кеткибиз келет. 2017-жылдагы шайлоодон кийин Президент чыгармачылык менен алектенүүгө ниеттенет.

Поделиться новостью: