КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 12:45 | 11 теке

Сириядан кайтып келген кыргызстандыктардын аң сезими эч нерсе кабыл албай калат, аларды реабилитациялоо керек - ИИМ

Дата: 15:30, 01-06-2015.

Бишкек. 1-июнь. КирТАГ — Сириядагы согуштук аракеттерге катышкандан соң, мекенине кайтып келген кыргызстандыктарды психологиялык реабилитациялоо программасын иштеп чыгуу зарыл. Бул тууралуу КирТАГга ИИМ 10-башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Раим Салимов билдирди.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюгча, 2010-жылдан тарта Сирияга 352 кыргызстандык чыгып кеткен: 49 адам согуш учурунда өлтүрүлүп, 23 кыргызстандык мекенине кайтып келген, алардын жетөөсүнө (7) кылмыш иши козголуп, дагы 9 адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси каралууда.

Бирок кылмыш жоопкерчилиги менен гана абалды түзөтүү жетишсиз экедигин Р. Салимов мойнуна алды.

«Биз Сириядан кайтып келгендер мене ниш жүргүздүк. Алар зомбидей болуп, аң сезими эч нерсе кабыл албай калган экен, сүйлөшөйүн десең эч нерсени түшүнбөйт. Алардын башында эмне болуп жатканы белгисиз. Ошондуктан биз УКМК менен биргеликте мындай адамдарды реабилитациялоо программасын иштеп чыгуу сунушун өкмөткө киргизип жатабыз», - деди ал.

Р. Салимовдун айтымында, Сириядан кайтып келгендерди реабилитациялоо боюнча иштин негизги бөлүгүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мойнуна алуусу керек. Бул процесске милдеттүү түрдө психиологду жана Кыргызстандын мусулмандар диний башкармалыгынын өкүлдөрүн кошуу керек.

Поделиться новостью: