КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 11:03 | 29 жалган куран

Жети-Өгүз райондук прокурорунун орун басары пара менен кармалды

Дата: 09:44, 18-10-2019.

Бишкек. 18-октябрь. КирТАГ – Жети-Өгүз райондук прокурорунун орун басары пара алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы билдирди.

"2019-жылдын 16-октябрында КР УКМК ККК Башкы прокуратурасынын өздүк коопсуздук жана кызматтык териштирүү бөлүмү менен биргеликте өткөрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынны жүрүшүндө Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында 60 миң сом параны кайтрып жаткан учурунда Жети-Өгүз райондук прокурорунун орун басары «А.Н.К.» жана Жети-Өгүз райондук ИИБ тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү «Б.Э.Б.» кармалды"- деп айтылат маалыматта.

Такталган боюнча «А.Н.К.» тергөөчү «Б.Э.Б.» менен биргеликте КР жараны «Э.А.» кылмыш ишин кыскартуу үчүн 100 сом өлчөмүндө пара талап кылып, 60 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алган.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адамдар КР УКМК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө ыкчам иштери жүрүп жатат.

Поделиться новостью: