Жээнбеков менен Рахмон Түркменстанда чегара маселесин тез арада чечүү жолдорун талкуулады

Дата: 13:55, 11-10-2019.

Бишкек. 11 -октябрь. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) кезектеги жыйынына катышуунун алкагында Тажикстан Републикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстан менен Тажикстандын эки тараптуу кызматташуусунун азыркы абалы жана аны өстүрүү, анын ичинде чек ара кызматташтыгы да талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон жакынкы келечекке кызматташуунун артыкчылыктуу пландарын белгилешти.

Мамлекет башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо процессин тездетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Поделиться новостью: