КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 6:50 | 20 чын куран

Жээнбеков легендарлуу гандболист Талант Дүйшебаев менен жолугушту

Дата: 16:23, 12-04-2019.

Бишкек. 12- апрель. КирТАГ —  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-апрелде Олимпиада чемпиону жана дүйнө чемпиону, легендарлуу гандболчу жана машыктыруучу Талант Дүйшебаев менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Талант Дүйшебаевдин жетишкендиктери кыргыз эли үчүн чоң сыймык экендигин билдирди.

«КМШ курама командасында Олимпиада чемпиону, Россия курама командасында дүйнө чемпиону, Испаниянын курамында 2 жолу Олимпиаданын коло медалынын ээси, гандбол боюнча чемпиондордун лигасында 4 жолу жеңишке жетүү, Европанын Суперкубогун эки жолу жеңүү, Испаниянын 4 жолку чемпиону болуу, Польшанын Кубогунун чемпиону жана башка ийгиликтер көп жылдык мээнеттин жыйынтыгы. Эки жолу дүйнөнүн мыкты гандболчусу, 20-кылымдагы планетанын 2-оюнчусу деген наамдар менен биз өзгөчө сыймыктанабыз. Мен Сизди кыргыздын мыкты уулу, эң атактуу, легендарлуу спортсмени деп сыймыктануу менен айтам», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент Дүйшебаевдин машыктыруучулук жогорку дараментинин натыйжасында дүйнөлүк, европалык аренада жетишкен ийгиликтерин кубаттады. Ал жетектеген командалардын ийгиликтерди багындырганга өбөлгө түзүп, жүздөгөн спортчулардын жүрөгүндө башкы устаты, насаатчысы катары түнөк тапканын билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Т.Дүйшөбаевдын өзүнүн балдары да гандболчу болуп дүйнөлүк аренада ийгиликтерге жетишип жатканын белгилеп, Кыргызстанда гандбол менен машыгып жаткан жаштарга чоң үлгү, дем берет деп билдирди.

Талант Дүйшебаев Президент Сооронбай Жээнбековго жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, кайда гана болбосун ар дайым мекенин ойлоп жүрөрүн билдирди. «Албетте мен кыргыз катары элимди, жеримди дайым эстеп жүрөм. Мага мындай колдоо күч-кубат жана жеңишке болгон ишеним берип турат. Мен сизге колдоо көрсөтүп жатканыңыз үчүн ыраазычылык билдирем».

Президент Сооронбай Жээнбеков Талант Дүйшебаевге былтыр Президенттин жарлыгы менен сыйланган 2-даражадагы «Манас» орденин тапшырды.

Өз кезегинде Талант Дүйшебаев өз мамлекети тарабынан берилген сыйлык үчүн кыргыз элине жана өлкө башчысына ыраазычылык билдирип, бул ага сыймык жана жоопкерчилик экенин баса белгиледи.

Поделиться новостью: