КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 19:52 | 19 чын куран

Жээнбеков: Аймактарды өнүктүрүү үчүн жетиштүү шарт түзүлүүдө, эми жергиликтүү бийлик активдешүүсү керек

Дата: 16:28, 17-10-2019.

Бишкек. 17 - октябрь. КирТАГ - Мамлекет тарабынан аймактарды өнүктүрүү үчүн жетиштүү шарт түзүлүүдө, эми жергиликтүү бийлик активдешүүсү керек. Бул тууралуу өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-октябрда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында райондун жашоочулары менен жолугушууда билдирди

“Мамлекет тарабынан аймактарды өнүктүрүү үчүн жетиштүү шарт түзүлүүдө. Эми Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, акимдер, айыл өкмөттөр иштегиле, изденгиле, чамдагыла”, - деп кайрылды жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал область, район жетекчилери, жергиликтүү бийлик аймактарды өнүктүрүү боюнча өз алдынча иш-аракеттерди көрүшүп, санариптештирүү, реформаларды алдыга жылдыруу, ишкерлердин башын кошуу, сырттагы мекендештерди мобилизациялап, алардын жардамын туура нукка буруу иштерин аткарышы керектигин айтты.

“Бардыгыбыз биригип, өлкөнү өнүктүрүшүбүз керек. Аткарып жаткан иштерибиздин үзүрүн, натыйжасын эл сезиши зарыл. Мен чет өлкөлөргө иш сапарларга чыкканда мекендештер менен болгон жолугушууларда алар айылдарына жардам бергилери келгенин, бирок жолун билишпегенин айтышат. Бизди уюштурган жергиликтүү бийлик болсо деп суранышат. Мына ушуларды мобилизация кылышыңар керек. Көп жерлерде мекендештерди мобилизациялап, фонддорду түзүп, алардын берген жардамын зарыл иштерге багыттап жатышат”, - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал жергиликтүү бийликтин аткарган иштеринин жыйынтыгына сөзсүз баа берилерин, анын негизги критерийлери катары таза суу менен камсыздоо долбоорун ишке ашыруу, ирригацияны өнүктүрүү, социалдык объектилерди санариптештирүү, инвестицияларды тартуу, жумуш орундардын түзүү ж.б. атады.

Поделиться новостью: