КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 17:48 | 24 чын куран

Жалал-Абад облусунан мал уурдагандар кармалды

Дата: 11:22, 01-04-2020.

Бишкек. 1 - апрель. КирТАГ - Жалал-Абад облусунан мал уурдап Өзбекистанга чыгарып кетүүгө аракет кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чегара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эки кыргыз жараны (1990 жылы туулган М.У. 1986 -жылы туулган   Б.М.)  6 уйду уурдап кыргыз-өзбек чегарасынан алып өтүүгө аракет кылган.

Уурдалган мал жергиликтүү тургундардыкы болгон. Уурдалган малдын баасы 300 000 сомдон жогору турары аныкталган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин, кармалган жарандар УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Поделиться новостью: