ЮНЕСКО “Көк-бөрү”нү материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизди
Бишкек. 24 - июль. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июлда ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиеваны кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Сабира Солтонгелдиева ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын улуттук баалуулуктарды таанытуу боюнча жумуштары жана пландары жөнүндө маалымдады.
Анын билдиришинче, ЮНЕСКО Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдоого алды.
Мындан тышкары «Көк-бөрү» салттуу ат оюну ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эсмес маданий мурастарынын Репрезентативдик тизмесине киргизилди.
2018-жылдын январь айында ЮНЕСКОнун «Көк-бөрү» боюнча кабыл алган чечими ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, өлкөнүн эксперттери менен биргеликтеги 4 жылдык ишмердигинин натыйжасы болду.
Президент Сооронбай Жээнбеков ЮНЕСКОнун III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдоого алып, патронатын берип, «Көк-бөрү» оюнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизгени бардык кыргызстандыктар үчүн чоң жетишкендик, сыймык жана жеңиш экенин белгиледи.
«ЮНЕСКОнун патронаты Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык аренада кадыр-баркын көтөрөт. Биз ушул Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында улуттук кыргыз оюну «Көк-бөрүнүн» деңгээлин көтөрүп, бүт дүйнөгө белгилүү кылып таанытканбыз. «Көк-бөрү» — бул кыргыз элинин байыркы жоокерчилик доорунан бери сакталып келген, кылым карыткан, муундан муунга мурас катары уланган жана бүгүн дагы эл арасына кеңири тараган оюн. Мен дагы бул оюнду ойногом, улам-улам ойногуң келип, өзүнө тартып турат», — деп белгиледи Президент.
Мамлекет башчысы ЮНЕСКОнун иштери боюнча КР Улуттук комиссиясынын катчылыгына аткарган жемиштүү иштери үчүн ыраазычылык билдирди.
«Көк-бөрү» оюнун Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү — бул чоң иш. Анткени бул оюнду өз атынан каттаткысы келген башка өлкөлөр да болгон», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.


