Ысык-Көлдө Франциялык турист жабыркады

Бишкек. 10 - сентябрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Ысык-Көлдө 29 жаштагы Франциялык турист жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 2018-жылдын 7-сентябрь күнү саат 20:15 чамасында Алтын-Арашан капчыгайындагы Ала-Көл көлүнө жакын жерде 1989-жылы туулган А. Е. аттуу турист (Франциянын жараны, эркек киши) кулап бутун сындырыпалган. Жабыркаган туристи алып келүү үчүн 8-сентябрь күнү саат 06:00дө КР ӨКМнин Каракол шаарындагы №15 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучу тартылып, саат 18:00 чамасында алып түшүрүлүп, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди.
Абалы канааттандырарлык.