КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 17:11 | 22 чын куран

Улуттук орус драма театры «Чоң гастролдор» программасы менен Новокузнецк шаарында

Дата: 13:21, 22-04-2026.

Бишкек, 22 апрель, КирТАГ —.21–27-апрель күндөрү Новокузнецк шаарынын тургундары жана коноктору, Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын спектаклдерин көрө алышат.

Гастролдор Россия Федерациясынын Маданият министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан Бүткүл россиялык гастролдук-концерттик планга ылайык, РОСКОНЦЕРТ мекемесинин колдоосу менен уюштурулууда.

Спектаклдер Кузбастын эң байыркы маданий жайларынын бири — Новокузнецк драмалык театры сахнасында өтөт.

Гастролдук программа театрдын репертуарындагы эң белгилүү жана көрүүчүлөр сүйүп көргөн спектаклдерди камтыйт, «Мастер и Маргарита», «Сказка о царе Салтане», «Вий», «Куклы», «Три сестры».

Чыңгыз Айтматов атындагы театр буга чейин Москва, Тула жана Рязань шаарларында ийгиликтүү гастролдорун өткөргөн.

 

Источник фото: Из открытых источников

Поделиться новостью: