КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 3:10 | 19 чын куран

ТИМ: Кытай жарандарына виза берүү токтотулду

Дата: 16:28, 21-02-2020.

Бишкек. 21 - февраль. КирТАГ - Кыргызстан коронавирустун жаңы түрүнө байланыштуу Кытай жарандарына виза берүүнү токтотту. Бул тууралуу «РИА Новости» Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен жазды.

«Өкмөттүн токтомуна ылайык Кытай жарандарына биринчи визаны берүүнү убактылуу токтотту», - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка караганда, Кыргызстанга кирүүгө буга чейин виза алган жаран өлкөгө эмин-эркин кирип чыгаберет.

«Бул визалык чектөө коронавируска байланыштуу киргизилди. Жакын арада баарын калыбына келтирүү жолдору каралат », - деп билдирген башкармалык.

Поделиться новостью: