КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 7:35 | 25 чын куран

Сапарбек Асаналиев Чүй облусттук ИИББнын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Дата: 18:02, 13-08-2019.

Бишкек. 13 — август. КирТАГ – Ички иштер министринин буюругу менен Сапарбек Асаналиев Чүй облусттук ИИББнын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин ал ИИМдин коомдук коопсуздук башкармалыгын жетектеген.

Эске салсак, 7-8-августта Кой-Таштагы жаңжалда Чүй облусттук ИИББнын жетекчиси Самат Курманалиев башынан оор жаракат алган. Учурда полковник Курманалиев Москвада дарыланып жатат. Ал комада чыга элек. Абалы оор, бирок туруктуу экени айтылууда.

Поделиться новостью: