КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 12:44 | 20 чын куран

Роза Отунбаева журналисттик иликтөөлөрдү көбөйтүүгө чакырды

Дата: 16:38, 12-02-2020.

Бишкек. 12 - февраль. КирТАГ – Бишкекте «Журналисттик иликтөөлөр фонду» уюштурган Уланбек Эгизбаев атындагы жыл сайын ыйгарылуучу сыйлыктын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.

Ага катышкан экс-президент Роза Отунбаева Уланбек Эгизбаев иликтеп кеткен иштер жаш журналисттерге үлгү боло турганын белгилеп, өлкөдө коррупцияны иликтөөгө алган журналисттер көп болушу керек экенин айтты. Отунбаева жаш журналисттерди Уланбектин ишин улантууга чакырды.

Сыйлык журналисттик мыкты иликтөөлөргө экинчи ирет берилүүдө.

Сыйлык ыйгаруу аземи «Журналисттик иликтөөнүн тажрыйбасы жана келечеги» аттуу медиа форумдун алкагында өтүп жатат.

Анда «Журналист-иликтөөчүлөрдүн глобалдык тармагынын» аймактык редактору (Украина) Ольга Симонович өз тажрыйбасынан бөлүшөт.

«Журналисттик иликтөөлөр фонду» 2018-жыл үчүн башкы сыйлыкты «Азаттыктын» Ош облусундагы кабарчысы Ыдырыс Исаковго ыйгарып, аны 2018-жылы 12-февралда тапшырган.

Жеңүүчүлөрдү фонд өз алдынча комиссиянын тандоосунун негизинде аныктайт.

Сынактын максаты - Кыргызстанда иликтөөчү журналистика жанрынын өнүгүшүнө, коррупциялык схемалар менен мыйзам бузуу фактыларын ачыкка чыгарууга жана андай аракеттерге бөгөт коюу фактыларын чагылдырууга багытталган демилгелерди колдоо.

Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнүндө - 12-февралда тапшырылат.

Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июнда Ысык-Көлдө сууга чөгүп каза болгон.

Поделиться новостью: