КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 15:22 | 25 чын куран

Президент Жээнбеков Түркмөн президенти Бердымухамедов менен жолугушту

Дата: 11:45, 11-10-2019.

Бишкек. 11-октябрь. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) жыйынынын алкагында Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстан жана Түркмөнстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков Гурбангулы Бердымухамедовду КМШдагы төрагалыгынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктады.

Поделиться новостью: