Президент Жээнбеков социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу жөнүндөгү мыйзамга кол койду

Дата: 12:02, 03-04-2020.

Бишкек. 3 - апрель. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков «Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 1-апрелинде кабыл алынды.

Мыйзам жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 4-берененин 1-пунктунун «а» пунктчасын кошпогондо, 2020-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.

Маалымат иретинде: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайты Мыйзамдын расмий жарыялоо булагы болуп эсептелет.

Ошондой эле бул Мыйзам «Эркин тоо» газетасынын жакынкы санында жарыяланат.

«Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тексти менен ушул жерден таанышсаңыз болот.

Поделиться новостью: