КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 9:59 | 18 чын куран

Президент Жээнбеков коронавирус менен күрөшүүдө Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишин сынга алды

Дата: 16:38, 31-03-2020.

Бишкек. 31 - март. КирТАГ - Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-мартта, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын чакан курамда өткөрдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Коронавирус илдетинин таралышын токтотууга жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чараларды күчөтүү жөнүндө маселе каралды.

Мамлекет башчысы өлкөдө коронавирус инфекциясын жугузгандардын санынын өсүшү алдын алуу чараларын көрүү боюнча канааттандыралык эмес иштердин натыйжасы болуп саналаарын өзгөчө белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков ишинде кетирилген кемчиликтери үчүн, биринчи кезекте, өлкө аймагына илдеттин жайылышына кошумча фактор болуп берген, жугузуп алгандар менен байланышта болгон адамдардын тобун өз маалында аныктабагандыгы үчүн республикалык штабдын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн сынга алды.

«Коопсуздук кеңеши бул маселе боюнча төрт жолу жыйынга чогулду. Иштин негизги багыттары тыкыр аныкталган. Жыйынтыгында Коопсуздук кеңешинин чечимдери ишке ашырылбай, керектүү натыйжага жетишилбей жатканын көрүп жатабыз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Коронавирус жуктуруп алгандарды жана алар менен байланышта болгондорду аныктоо боюнча иштерди координациялоо республикалык дагы, жергиликтүү деңгээлде дагы канааттандырарлык эмес жүргүзүлгөндүгүн билдирди.

Президент лабораториялык изилдөөлөрдү өткөрүүгө өз маалында даярдык болбогондугу, лабораториялардын медициналык техникалар менен жетиштүү жабдылбагандыгы жана тестирлөөгө керектөөчү материалдардын запасы жетишсиз даярдалгандыгы үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн өзүнчө сынга алды. Ошондой эле медиктерди жеке коргонуусу үчүн зарыл болгон каражаттар, бүгүнкүдөй шартта алардын күнүмдүк иши үчүн зарыл болгон транспорт жана башка керектүү каражаттар менен камсыздоо боюнча начар иштер сынга алынды.

«Январда сиз биздин лабораториялар даяр деп маалымат бердиңиз эле. Чындыгында андай эмес экен. Тестирлөө реагенттери жетишсиз болуп чыкты. Министрлик өз убагында ыкчам чараларды көрүүсү зарыл болчу», — деп белгиледи Мамлекет башчысы, саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге кайрылып.

Президент Сооронбай Жээнбеков комендатуралардын ишмердигине карата жарандардын нааразычылыгы болуп жатканын баса белгиледи. Анын ичинде атайын пропусктарды берүү, блок-постторду атайын жабдыктар менен жабдуу, блок-посттордо турган кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо маселелери бар.

Ошондой эле өлкөнүн өткөрмө пункттарындагы карантин-санитардык постторунун ишмердигине, келип жаткан жарандарды текшерүү боюнча иш жетишсиз уюшулганына көңүл бурду.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында Республикалык ыкчам штабдын башчысы — биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов, коронавирус инфекциясынын жайылышынын өлкөнүн экономикалык кырдаалына таасирин азайтуу жаатында чараларды жүзөгө ашыруу боюнча Республикалык штабдын жетекчиси — вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев баяндама жасашты.

Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча Өкмөткө бир катар сунуштар киргизилди.

Алардын катарында бейтаптарды коронавирус инфекциясынан дарылап жаткан ооруканаларга, обсервацияларга, санитардык посттордун ишине тартылган врачтардын жана медициналык орто персоналдын ишмердүүлүгүнө дем берүү жана натыйжалуулугун арттыруу максатында аларга бир жолку материалдык сый акы төлөө маселеси бар.

Ошондой эле өзгөчө абал жарыяланган калктуу пункттарга эң зарыл болгон товарларды жана социалдык мааниге ээ азык-түлүктөрдү жеткирүү жана ишке ашыруу алгоритмин иштеп чыгуу сунушталды. Ошол эле мезгилде муктаждардын тизмесин катталган жерине эмес, жашаган жерине карап түзүү зарыл.

Ошондой эле Коопсуздук кеңеши тарабынан Премьер-министрге өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын киришин алдын алуу боюнча жетишсиз иштери үчүн Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө чара көрүү сунушу киргизилди.

Поделиться новостью: