КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 23:17 | 23 чын куран

Президент Сооронбай Жээнбеков бир катар элчилерди дайындаган жарлыкка кол койду

Дата: 16:56, 11-10-2019.

Бишкек. 11 - октябрь. КирТАГ - Президент Сооронбай Жээнбеков бир катар элчилерди дайындаган жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Джекшенкулов Аликбек Джекшенкулович Москва шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Армения Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Отунбаев Болот Исакович Вашингтон шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Адамкулова Самаргүл Эркиновна Эль-Кувейт шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Бахрейн Падышалыгындагы жана Иордания Хашимит Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Венгрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Словения Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын ЕККУдагы жана Вена шаарындагы жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Джусупов Бакыт Алиевич Вена шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Словакия Республикасындагы жана Чех Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.


Поделиться новостью: