Президент Садыр Жапаровдун Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу

Дата: 09:42, 20-12-2021.

Бишкек. 20 декабрь. КирТАГ - Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. 

Мамлекет башчысынын куттуктоосу: 

«Кыргызстандын улуттук коопсуздук органдарынын урматтуу кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери!

Сиздерди чын жүрөктөн бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен куттуктаймын.Сиздердин ишмердик — мамлекеттик жана коомдук турмуштун ажырагыс бир бөлүгү. Мыйзамдуулук жана коопсуздукту сактоо менен өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылууга зор салым кошуп келесиздер. Дүйнө жүзү боюнча технологиянын тездеп өнүгүшүнүн  пайдасы менен бирге коркунучтары да түйшүк жаратып жаткан убакта сиздердин күч-аракеттер баа жеткис.

Биздин атайын кызмат өлкө жарандарынын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун, эгемендигин, конституциялык түзүлүшүн, аймактык бүтүндүгүн ички жана тышкы терс аракеттерден коргоо жаатындагы негизги милдеттерин татыктуу аткарууда. Ошентсе да бул кесиптин жоопкер өкүлдөрү катары Мекенибизге каршы ыктымал коркунучтардын алдын алууга ар дайым даярсыздар деп ишенем. 

Улуттук коопсуздуктун деңгээлин жогорулатып, экономикабызды алга жылдыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзө алабыз. Бул мамлекетибизде туруктуу абалды камсыз кылууга жана өлкөнүн гүлдөп-өсүшүнө жол ачат.Бул жаатта коюлган милдеттерге жетишүү үчүн атайын кызматкерлер билимин, тажрыйбасын, кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча талбай иштеши керек.

Анткени ары түйшүктүү, ары сыймыктуу кызматыңыздарды мыкты аткарууңуздарга жеке эле жарандардын коопсуздугу гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн бейкуттугу көз каранды. Мына ушундан улам өз кесибине жоопкер, абийирдүү, атуулдук сезими артык, өз ишинин мыкты адистери гана мындай түзүм катарында кызмат өтөйт.

Кыргыз Республикасынын коопсуздук органдарынын урматтуу кызматкерлери жана ардагерлери!

Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын. Сиздерге бекем ден соолук, кажыбас кайрат, майтарылгыс эрк каалайм. Ишиңиздерди ийгиликтер коштосун! Мекенибиздин жыргалчылыгы үчүн кызмат кыла бериңиздер!».

Источник фото: Президенттин апараты

Поделиться новостью: