КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 14:16 | 26 чын куран

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кармалганын ИИМ расмий билдирди

Дата: 20:10, 08-08-2019.

Бишкек. 8 - август. КирТАГ  –  Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрилигинен расмий түрдө билдиришти.

"2019-жылдын 8-августунда милиция кызматкерлери КР УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-аракеттердин жыйынтыгында Атамбаев А.Ш., кармалды", - деп айтылат маалыматта.

ИИМден кабарлашкандай, ыкчам-тергөө иш-чарасын жүргүзүүдөн эч ким каза болгон жок.

Атайын операцияны ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев жана анын орун басары, милициянын полковниги Алмаз Орозалиев жеринде башкарып турушкан.

Кармоо учурунда каза болгондор жок.

Поделиться новостью: