КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 12:35 | 20 чын куран

Москвада кыргызстандык таксистти бычактап, унаасын сатып жиберишкен

Дата: 12:55, 24-04-2019.

Бишкек. 24 - апрель. КирТАГ –  Москва облусундагы Домодедово окуругунун трассасынан алыс эмес талаадан азиат тектүү 40 жаштар чамасындагы бычакталган кишинин сөөгү табылганын ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кишинин бетине, далысына жана мойнуна бычак сайылган.

Үстүбүздөгү жылдын март айында ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө Кыргызстандын жарандары кайрылып, алардын 1981-жылы Баткенде туулган Р.Ж. аттуу тууганы Москва шаарындагы Верхние Поля көчөсүндөгү үйүнөн 23-мартта чыгып кеткен боюнча келбей жатканын айтып, издөөгө жардам берүүнү өтүнүшкөн. Мындан сырткары, анын Ford Galaxy үлгүсүндөгү унаасы короодон жоголгонун айтышкан. Бирок алар арыз жазуудан баш тартып, өздөрү издешкен.

"Бирок апрелдин башында Р.Ж. аттуу кишинин туугандары ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө кайрадан кайрылып, арыз жазышкан. Анын негизинде ыкчам издөө иштери аткарылып, Москва облусунун Домодедово округунан 40 жаштар чамасындагы кишинин бычакталган сөөгү табылды. Аны туугандары таанып, изделип жаткан Р.Ж. экенин тастыкташты", — деп айтылат маалыматта.

Бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Россиянын Кылмыш жаза кодексинин 105-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунда туулган 1993-жылкы Т.А. аттуу киши шектүү катары кармалды. Ал дагы такси кызматында иштеп келген.
"Тергөө учурунда маркумга тиешелүү болгон сары түстөгү Ford Galaxy табылды. Көрсө, автокөлүктү шектүү 200 миң рублге сатып жиберген экен. Ал эми алып сатарлар автону 500 миң рублге аукционго коюшкан", — деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүү Москва облустук тергөө комитетинин тергөө абагына киргизилди.

Поделиться новостью: