Кыргызстанда аңчылык сезону башталды
Дата: 17:09, 16-08-2019.
Бишкек. 16-август. КирТАГ- Кыргызстанда аңчылык сезону башталды. Бул тууралуу Айлана чөйрө жана токой-чарба агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, аңчылык август айынын аягынан башталып, октябрдын соңуна чейин уланат. Тоо теке, элик жана камандарды атууга уруксат берилди.
Учурда Кыргызстанда 41463 баш кийик, 2000 баштан ашык чочко бар.
Мындан тышкары, кызыл китепке киргизилген аркардын үч түрү жашайт. Алардын жалпы саны учурда 18 миңден ашат.