Кыргызстандыктардын Бажы биримдигине болгон пикирлери; оң жана тескери жактары

Дата: 19:00, 24-12-2014.

Бишкек. 23 декабрь. КирТАГ – Бүгүн Москвада Кыргызстандын тарыхы үчүн маанилүү окуялардын бири болуп өттү. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Кыргызстандын бул алкакка кирүүсү тууралуу келишимге кол коюлду.

Бералусь, Казакстан жана Россиянын интеграциялык биримдиги, өз-ара соода жүгүртүүдө бажы төлөмдөрү жана экономикалык чектөөлөр колдонулбай турган бирдиктүү бажы аймагын түзүүнү шарттайт.

Президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн сөзүндө Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү Кыргызстанга инвестиция тартып, товарларды жана жумушчу күчүн эркин жүгүртүүгө шарт тузөөрүн шарттайт бер бир нече ирет белгилеген.

2015-жылдын алгачкы күнүндө интеграциялык биримдикке кирип жатканыбызга байланыштуу, КирТАГ агенттиги кыргызстандыктардан – бул бирикме тууралуу эмне билээрин жана ага кандай даярданып жатканы тууралуу кызыгып сурап көрдү.

“Менин оюмча, Бажы биримдиги – биринчи кезекте рубль жана Россиянын кызыкчылыгы. Кыргызстан бул биримдикке кошулса алар кобүрөөк пайда табат. Бирок бизде деле аргасыз абал. Кризистин босогосунда турабыз деп айтсак болот. Биз азыр бизнесмендерди, фермерлерди, малчыларды атаандаштыкка туруктуу болууга даярдап, алар үчүн техника даярдап беришибиз керек. Мен мугалим катары биздин маянабыз жогорулайт го деп ишенем. Себеби эгерде азык-түлүккө баалар кызматтаса, капчыгыбыз жука бойдон аны көтөрө албайбыз. Азыр биздин үй-бүлө баалар калыбына келгенче, февральга чейин жеткидей азык-түлүктөрдү сатып алып койдук. Албетте, бул жетпейт. Бирок биз үчүн 5 сом да акча” дейт Бишкек шаарына мугалим болуп эмгектенип жаткан Анаркүл Өмүркулова.

“Бажы биримдиги эң ириде азык-түлүккө жана кийимдерге баалардын өсүшү деп ойлойм. Мен бул биримдикке кирүү алдында эч кандай даярдык көргөн жокмун. Жаңы жылга даярданып жатам”-деди бухгалтер Жылдыз Сулайманова.

Ал эми Бишкекте техника буюмдарын сатуучу Александр Смирнов Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин тигүү өнөр жайын өнүгө баштайт деп эсептейт.
“Алар мыйзамдашкандан кийин толук кандуу онүгө башташат. Албетте, алгачкы убакта баары кымбаттайт. Бирок кийин, бул системаны толук кандуу киргизген соң, баары турукташат. Бажы биримдигинин дагы бир артыкчылыгы, кытай товарларын алып келүү токтойт. Бул биздин жарандарды өз өндүрүшүбүздү өркүндөтүүгө түртөт. Ошондуктан, эч нерсеге даярдык көрүүнүң кереги жок деп ойлойм. Эч кандай коркунуч жок” деп билдирди өз пикирин А. Смирнов.

“Бажы биримдиги тууралуу теле экрандан көп уктум. Бирок бул Кыргызстанга эмне үчүн керек экенин ушул кезге чейин түшүнө элекмин. Биз Бажы биримдигине каршы тараптарды да көрдүк. Карапайым калк болсо сөз эмне жөнүндө болуп жатканын билбей. Көп адамдардан азык-түлүккө болгон баа, кийим-кече кымбаттай турганын угуа жатам. Менин беш балам бар. Совет мезгилиндегидей товарлардын жетишсиздигине кабылгым келбейт. Азык-түлүктөрдү сатып ала элекпиз. Күйөөм качан маяна алат деп күтүп жатабыз. Даярданалык десек эеле ашыкча каражат жок. Айлыктан-айлыкка өп-чап жеткирип жашайбыз” деди Баткен областынын тургуну Айганыш Калбайева.

“Бажы биримдигине кире турган болсок, бизди көп кыйынчылыктар күтүп турат. Баардык товарлар эки-үч эсеге кымбаттайт. Биз азыртан эле баалардын өскөнүнө күбө болуп жатабыз. Бул бизди башка өлкөлөргө көз карандылыкка алпарат. Көз карандысыздыкты жоготуп алуу коркунучу туулат. Чечим шашылык кабыл алынды деп эсептейм. Мен жөнөкөй мугалиммин, товар, азык-түлүк сатып алууга ашыкча каражат жок. Жашай берсек көрөбүз да” – деп санаасын бөлүштү Ош шаарында мугалим болуп эмгектенген Руслан Акылбеков.
“Мындай маселелер эмне үчүн кулуарларда чечилет, түшүнбөйм. Маалымат саясаты да жакшы болгон жок. Бажы биримдиги деген эмне экенин элге эч ким түшүндүргөн жок. Менин жеке оюмда, Бажы биримдигине кирүү керекпи же жокпу, эл чечиши керек болчу. Эл үнүн эч ким уккан жок. Бизди кандай тагдыр күтүп турганын эч ким билбейт. Бирок эмнегедир, кырдаал Ошто газ өчүрүлгөндөгүдөй кырдаал күтөт деп ойлойм. Бийлик элге чыдагыла дегенден башка эч нерсе айта албай калат. Кыйынчылык башталганда алар кайрадае кырдаал оңолгоно күтүү керек деп айтат” – деди таксист Мирнияз Топчубев (Баткен областы).


“Экономикалык биримдиктен жалпысынан айтканда зыян жок. Бирок Бажы биримдигине мүчө өлкөлөр менен теңтайлашуу үчүн өндүрүш менен экономиканы өнүктүрүү керек. Эгер андай болбосо, эл кыйналып калышы мүмкүн. Россия, Белорусия, Казакстандын биримдигине кирүү аракети улуттук кызыкчылыктан деп ойлойм. Бизге белгилүү болгондой, Россия Казакстан менен Кыргызстандын башкы экономикалык өнөктөшү болууда. Бул мамлекеттердин ортосунда тызыз экономикалык байланыш бар. Азык-түлүк жана ар кандай товарларды сатып алуунун зарылдыгы жок. Жакшы нерсеге ишенүү керек. Биздин ойлор материалдуу” деп белгиледи Ош шаарынан студент Максат Раимбеков.
Нарын областынын Ат-Башы районунун тургуну Айбек Алыкулов Бажы биримдигине кирүү демилгесин колдойт.
“Биз көз карандылыгыбызды жоготобуз деп ойлобойм. Бизде экономика өнүгүп жатат. Биз башка мамлекеттерге экономикалык жактан көз каранды мамлекетпиз. Мындан улам бизге экономикалык жакшы өнөктөш керек. Эгер биз Бажы биримдигине кирсек, жеңил өнөр жай өнүгөт. Албетте, алгачкы жылдары оор болот. Бирок Бажы биримдигинин жакшы жактары да көп. Мисалы мен элдердин азык-түлүк камдап жанталашканын көргөн жокмун. Баары мурдагыдай эле. Көпчүлүгү Жаңы жылга даярдык көрүп жатышат”,-деди А.Алыкулов.

“Бажы биримдигине кирээрибиз менен азык-түлүккө баалар өсөт деп айтышууда. Карапайым калкка эле оор болот. Ага кошумча, Казакстан өз чегарасын бекемдөөгө киришти деп угуп жатам. Жөнөкөй жарандарга чегараны кесип өтүү кыйындайт. Эгер биз Бажы биримдигине кирсек, мекендештерибиздин жумуш табуу көйгөйү жоюлуп, Россия менен Казакстанга ээн-эркин кире баштайт. Мүмкүн, алар жакшы шарттар менен жумушка орношушат. Чегаралар бекемделсе, чыр-чатактар чыкпай калат”-деп эсептейт чачтарач Алыйбүбү Стамова (Нарын)

“КМШ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Советтер Союзу учурунда жакшы жашашчу деп ойлоп, биригүүнү чечишти деп ойлойм. Бирок менимче, мындай аракеттен коммунизм курулат деп ишенүүгө болбойт. Күн сайын телевизордон экономика министри Сариевди көрсөтүп жатышат. Ал Бажы биримдигине кирсек баары жакшы болот, мигранттар үчүн шарттар түзүлөт деп билдирүүдө. Албетте, ушундай эле болсун дейли. Себеби менин эки уулум үй-бүлөсү менен Россияда эмгектенет. Азык-түлүккө баалар өсөт деп атышат. Бул бизди кооптондурат. Бирок биз запас топтобой баштагыдай эле жашап жатабыз. Эген кыйынчылык болсо, эл менен чогуу көрөбүз” дейт Чүй областынын Жайыл районунун тургуну, пенсионер Анархан Абдылдаева.

“Мен көп жылдардан бери мал багып, аны базарга сатам. Негизинен казакстадыктар алышат. Бул жылы малды көбүрөөк сатып алгам. Бизнесим бул жылы өйдөлөйт деп ишенем. Бир жагынан Россиядагы рубльдин курсу төмөндөгөнү бизге да терс таасирин тийгизеби деп кооптонуп турам. Негизи эле Бажы биримдигине болгон менин мамилем эки тараптуу. Буга сүйүнөөрүмдү же кайгыраарымды билбейм. Кыскасы, эмне болоорун убакыт көрсөтөт да” дейт фермер Эркин Усубалиев (Токмок)

“Бажы биримдиги мен үчүн бирдиктүү бажы аймагы жана Кытай менен бажы төлөмдөрүнүн жогорулоосу. Эми арзан кийин жөнүндө унутуу керек. Менин оюмча, биздин өлкө Бажы биримдигине кирүүгө бир аз даяр эмес. Бирок ошол эле убакта айыл-чарба сектору үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Евразия интеграциясы Кыргызстан үчүн келечекте жакшы жемишин берет. Бирок азыр бул жөнүндө көпчүлүгү ойлонгон жок. Албетте, азыр жеке ишкерчилик тармагында, тактап айтканда, реэкспортто көп жоготуулар болот. Өткөөл мезгил ар дайым оор. Рубльди девальвациялоо фонунда жана Россия экономикасында кризис биздин мамлекетке кандай таасир этет деп бир аз кооптонуп жатам. Бирок жакында баары чечилип, биздин өлкөдө жаңы өндүрүштөр ачылат деп ишенем. Анчалык деле коркунуч жок. Кооптондурганы – инфляция. Запас топтобойм. Ун менен кантты үй-бүлөм буга чейин эле 50 килограммдык мүшөктөр менен алчубуз”-дейт Бишкектик Ульяна Шумихина.

“Ашыкча татаалдыктардын эмне кереги бар, түшүнбөйм. Мен биригүүгө макулмун, баары жеңилдейт. Бажы биримдиги бириктирүүгө тийиш. А бул жерде калса Казакстанга Ай-Ди карточка менен чыгууга болбойт деп атат. Ошондой эле, мен Россияга эч кыйынчылыксыз барууга болот деп ишенгем. Көрсө тескерисинче, бир гана чет элдик паспорт менен барууга уруксат экен. Андан тышкары, менин тааныштарым Турция менен Кытайдан келген сырьё кымбаттайт деп сарсанаа болуп жатышат. Бажы биримдигине кирүүго мен даярданган жокмун. Гречка, машина деле сатып албайм. Бирок кытай товарлары кымбаттайт го деп кооптонуп жатам” деп билдирди дизайнер Татьяна Светашова (Бишкек)

Поделиться новостью: