Кечээ түнү Бишкекте коменданттык саат учурунда 70дан ашык милиция кызматкерлери иштеди

Бишкек. 26 - март. КирТАГ – Кечээ түнү Бишкекте коменданттык саат учурунда 70дан ашык милиция кызматкерлери иштеди. Түнү-күнү иштеген колл-борборго 200дөн ашык киши телефон чалды. Бул тууралуу шаардык комендатура маалымдады.
«Коменданттык саат киргизилген биринчи түндө 193 шаардык жарандар эрежелерди бузду. Алар Бишкек ШИИББга жеткерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», - деп маалымдайь Бишкек комендатурасы.
Бишкек комендатурасынын колл-борбору түнү-күнү иштейт. Зарыл маселе болсо 660710, 660248, 662134 телефондоруна чалсаңыз болот.
Эске салсак, Кыргызстанда өзгөчөгө кырдаал жарыяланып, Бишкекте 25-марттан тарта коменданттык саат киргизилген.