Калың кардан улам Бишкек-Ош жолуна чектөө киргизилди
Дата: 11:36, 11-02-2020.
Бишкек. 11-февраль. КирТАГ – Калың кардан улам Бишкек-Ош жолундагы кыймылга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди.
Токтогул районунда түнү 25-30 см кар жааган. Аба-ырайына байланыштуу таңкы саат 7:00дөн тарта Бишкек-Ош жолунун 272 чакырымында чоң жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө коюлду.
Ала-Бел жана Чычкан ашуусу кардан тазаланып жатат.