КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 18:43 | 24 чын куран

Чүй облустук милициясынын жетекчиси Самат Курманкуловго "Эрдик" медали тапшырылды

Дата: 17:16, 11-11-2019.

Бишкек. 11 - ноябрь. КирТАГ - Чүй облустук милициясынын жетекчиси Самат Курманкуловго "Эрдик" медали тапшырылды. Бул тууралуу КТРКнын Москвадагы кабарчысы Мирбек Молдакунов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, Курманкуловго сыйлыкты Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өзү тапшырган.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги Самат Курманкулов сүйлөп, өз алдынча басып калганын билдирген эле.

Эскерте кетсек, Курманкулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурундагы операцияда башына таш тийип жабыркаган. Комага түшүп калган милиционерге Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда эки ирет операция жасалып, Москвадан да адистер чакырылган. Кийин аталган шаарга которулуп, дарылануусун уланткан. Бир аз убакыттан кийин Курманкулов өзүнө келгени белгилүү болгон.


Поделиться новостью: