КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 7:33 | 25 чын куран

Боронов: 653 айылды таза суу камсыздоо өкмөттүн башкы милдеттердин бири

Дата: 17:29, 17-01-2020.

Бишкек. 17 - январь. КирТАГ –Ичүүчү таза суу – бул биринчи кезекте жарандарыбыздын, анын ичинде балдарыбыздын саламаттыгы. Мындай пикирин өлкө калкын ичүүчү суу менен камсыздоо жаатында аткарылып жаткан иштер жөнүндө өткөн жыйында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан 2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп бекеринен жарыяланган жок.

«Буга байланыштуу учурда аймактардагы 653 айылдын таза суу маселесин чечүү Өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу милдеттердин бири болуп саналат.  Суунун жетишсиздиги айлана чөйрөгө, адамдарга өзүнүн кедергисин тийгизип, ошондой эле ичүүчү таза сууга болгон муктаждыкты жаратып жатат. Бул аталган маселени ыкчам чечүү керектигин айтып турат. Ушул максактта республикалык бюджеттин эсебинен, ошондой эле донорлор аркылуу инвестицияларды тартуу боюнча тийиштүү жумуштар аткарылууда. Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки стратегиясын» аткаруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди», - деп белгиледи ал.

Кубатбек Боронов белгилегендей, айылдарды суу менен камсыздоо жана ирригациялык маселелерди жөнгө салуу максатында ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү карап чыгуу маанилүү болуп саналат.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча биринчи вице-премьер-министр айылдарды таза суу менен камсыздоо маселесин белгиленген мөөнөттөн кечиктирбей аткарууну тапшырды.

Мындан тышкары тийиштүү органдарга Улуттук илимдер академиясы, Улуттук стратегиялык изилдөө институту жана коомдук уюмдар менен биргеликте суу ресурстарын сактоо жана пайдалануу боюнча стратегия иштеп чыгуу сунушталды.

Поделиться новостью: