КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 16:03 | 26 чын куран

Бишкектиктердин орточо айлыгына 70 кг уй эти келет

Дата: 16:47, 19-09-2019.

Бишкек. 19- сентябрь. КирТАГ -  Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитети 2019-жылы ЕАЭБ аймагындагы тамак- аш азыктарынын бааларына анализ жасады.
Маалыматка караганда, Бишкекте орточо айлык акы 336 $, Нур-Султанда 748 $, Минскте 764 $, Москвада 1522 $ды түзгөн.

2019-жылдын августунда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борборлорунун ичинен картошкага болгон максималдуу орточо керектөө баа (1 килограмм үчүн 0,49 АКШ доллары) Минск шаарында, ал эми минималдуу чекене баа (1 килограмм үчүн 0,29 АКШ доллары) - Бишкек шаарында катталды. 2019-жылдын августунда уй этинин эң төмөн баасы (1 килограмм үчүн 4,34 АКШ доллары) – Минск шаарында, биринчи сорттогу унга (1 килограмм үчүн 0,42 АКШ доллары) жана кой этинин (1 килограмм үчүн 4,29 АКШ доллары) - Бишкек шаарында, пастеризацияланган сүттүн баасы (1 литр үчүн 0,66 АКШ доллары) - Нур-Султан шаарында байкалды.

2019-жылдын августунда орточо чекене бааларынын деңгээли Бишкек шаарында пастеризацияланган сүткө Нур-Султан шаарында – 10,8 пайызга жана Минск шаарында – 5,4 пайызга, уй этине Нур-Султан шаарында – 0,6 пайызга, Минск шаарында – 9,8 пайызга катталган баалардан жогору болуп түзүлдү. Мындан тышкары, 2019-жылдын августунда биринчи сорттогу ундан жасалган нанга болгон орточо керектөө баалар Бишкек шаарында Нур-Султан шаарындагы баалардын деңгээлинен 38,3 пайызга жана жумурткага – 15,1 пайызга ашты.

Поделиться новостью: