КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 1:29 | 29 жалган куран

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча сот. Жумушчу топ ТВЕА боюнча 500 эскертүү киргизген

Дата: 16:18, 11-07-2019.

Бишкек. 11 – июль.  КирТАГ  –  Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда бүгүн Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча ачык соттук отурум өтүүдө. Сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Учурда күбө катары ЖЭБдин башкы инженеринин орун басары Нургазы Курманбеков сурак берүүдө.

Анын айтуусу боюнча, 2007-жылы аны башкы инженер кызматына дайындашкан, ал кызматта дээрлик бир жылдай иштеген.

Курманбеков кошумчалагандай, келишим ал кызматка келгенге чейин түзүлгөн.

“Жумушчу комиссия тарабынан ТВЕА компаниясы боюнча 500гө жакын эскертүүлөр киргизилип, кийинчерээк алар оңдолгон. 350 эскертүү жоюлган. Модернизацияга чейин 24 казан болгон, алардын ичинен сегизи алынган. 12 трубиналардан 4 алмаштырылган, ошондой эле энергетикалык блоктор алмаштырылган”, - дейт күбө.

Курманбековдун айтуусу боюнча, модернизация 2015-жылы башталган.

Эске сала кетсек, “Бишкек ЖЭБди модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашырууда коррупция болуп, мамлекетке 5 млрд. 439 млн.сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Ошого байланыштуу, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, мурунку-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министр Ольга Лавровалар кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупцияга шектелип, айып тагылган.

Поделиться новостью: