КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 18:45 | 25 чын куран

Бишкек мэриясы калаадагы соода павильондоруна бирдиктүү дизайн киргизүүнү сунуштады

Дата: 09:12, 18-02-2020.

Бишкек. 18 - февраль. КирТАГ – Бишкек мэриясы калаадагы соода павильондоруна бирдиктүү дизайн киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Бишкек архитектура башкармалагы» ишканасынын адистери ишкерлер менен калаадагы соода павильондоруна бирдиктүү дизайн иштеп чыгуу жолдорун талкуулады. Азырынча Бишкектин негизги көчөлөрүндөгү майда соода түйүндөрүнүн тышкы жасалгасын өзгөртүү тууралуу сөз болууда.

Учурда дизайнерлер бир канча эскиздерди иштеп чыгып, ишкерлерге сунуштады. Ишкерлердин көпчүлүгү сунушталган дизайнга макул болушкан. Жаз алды менен павильондордун тышкы көрүнүштөрү жаңыланып, бир стилге өтөт.

Поделиться новостью: