КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 14:08 | 26 чын куран

Батукаевдин иши боюнча баштапкы соттук жыйын Атамбаевсиз өтөт

Дата: 16:59, 15-10-2019.

Бишкек. 15 - октябрь. КирТАГ -Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы баштапкы соттук жыйын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевсиз өтөт.

Мындай чечимди бүгүн, 15-октябрда райондук сот Атамбаевдин «баштапкы соттук жыйынды менсиз эле өткөрө бергиле» деген арызынын негизинде кабыл алды. Бул тууралуу журналисттерге Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев айтты.

Атамбаев Батукаевдин иши боюнча баштапкы соттук жыйынга келүүдөн эки жолу баш тарткан. Райондук сот 14-октябрда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) 15-октябрга Атамбаевдин сотко келишин камсыз кылууну тапшырган.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Бул иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон 15тен ашык мурдагы жетекчилерге, дарыгерлерге айып коюлган.

Бирок тергөөнүн жүрүшүндө кылмыш иши козголгон 14 адам тергөө менен кызматташууга макул болгондуктан алардын макамы өзгөртүлгөн. Учурда «Коррупция» беренеси боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов айыпталуучу катары өтүүдө.

Поделиться новостью: