КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 8:13 | 29 жалган куран

Башкы прокуратура: Атамбаев оор кылмыштарды жасаган

Дата: 17:24, 15-08-2019.

Бишкек. 15 - август. КирТАГ – Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев оор кылмыштарды жасаган. Бул тууралуу башкы прокуратура маалымдады.

Маалыматка караганда, эски кодекс боюнча алып караганда Атамбаевге 14 кылмыш иши боюнча айып тагылууда. Биринчи иш кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ачылган. Анда Атамбаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") боюнча айып тагылган.

Учурда аталган иштерди ИИМ карап жатат. Слесарев бул иштер боюнча беш берене менен тергөө жүрүп жатса, жалпысынан 9 кылмыш иши тууралуу сөз болуп жатканын түшүндүрдү.

14-августта Аскер прокуратурасы мурдагы президент Атамбаевге "Медиа Форумдун" имараты жана Бишкек ТЭЦтин модернизациясы боюнча шектелип жатканы тууралуу билдирүү берилгенин кабарлаган. Эки иш тең "Коррупция" беренесинин алкагында тергелүүдө. Бул айыптоолор Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын корутундусунда да белгиленген болчу. Эл өкүлдөрү Атамбаевдин беш кылмышка тиешеси болушу ыктымалдыгын айтышкан.

Бүгүн, 15-августта, Аскер прокуратурасы Атамбаевге Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча дагы эки билдирүү берген. Кой-Таштагы жер тилкеси мыйзамсыз берилип кеткен деген айыптоо депутаттык комиссиянын корутундусунда да айтылган.

Азыр бул иштер экиге бөлүнгөн. Биринчиси, мыйзамсыз сатып алуу, экинчиси, мыйзамсыз түрдө ижарага берүү. Эки иш тең "Коррупция" беренеси боюнча каралып жатат

Поделиться новостью: