Алишер Абдрахманов өкмөттүн Баткендеги өкүлү болуп дайындалды
Дата: 09:29, 18-02-2020.
Бишкек. 18 - февраль. КирТАГ –Абдрахманов Алишер Орозбаевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.