КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 2:39 | 27 чын куран

Агрардык саясат комитети 2020-жылдын бюджети тууралуу долбоорду артка кайтарды

Дата: 16:55, 14-10-2019.

Бишкек. 14 - октябрь. КирТАГ - Агрардык саясат боюнча комитет келерки жылдын бюджет долбоорун сунуш-пикирлер эске алынгандан кийин кайрадан карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 14-октябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде келерки жылга карата республикалык бюджеттин долбоору каралды. Комитеттин жыйынына КР биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, КР каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов жана башка тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилери катышты.

КР каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов 1-окуудагы «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады.

Берилген маалыматка ылайык, мамлекеттик инвестициялапрдын гранттарын эске алуу менен мамлекеттик бюджеттин кирешесинин 2020-жылга жалпы көлөмү 183 млрд 708 млн сом суммада болжолдонгон. Бул ички дүӊ продукциянын (ИДП) 27,5% деӊгээлинде.

2020-жылы мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 163 млрд 710 млн сом суммасында же ИДПнын 24,5%ында каралууда. Келерки жылга республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү 173 млрд 663 млн сом деӊгээлинде белгиленген (ИДП 26%). Бул 2019-жылдын бюджетинен 11 млрд 750 млн сомго көп.

2020-жылга республикалык бюджеттин таӊсыктыгынын жалпы көлөмү 9 млрд 953 млн сомду же ИДПнын 1,5%ын түзөт. Келерки жылдын бюджетинин таӊсыктыгын жабууга ички жана тышкы булактар каралууда.

Талкууда депутат Мирлан Бакиров токой жана суу чарба кызматкерлеринин маяналарын көтөрүү зарылдыгын козгоду. Ал эми депутат Рада Туманбаева өлкө аймагындагы көптөгөн айылдарда турак үйлөрдүн «кызыл китебин» ала алуудагы 15000 сом каражат айыл тургундарына кыйынчылык жаратып жаткандыгын айтып, Өкмөт бул маселе боюнча бир жолку акцияларды өткөрүп, аталган сумманы ылдыйлатуусу керек дейт. Ошону менен катар Р.Туманбаева бюджет кабыл алынгандан кийин 2020-жылдын 1-кварталынан калтырбай ирригация, жол салуу сыяктуу кечиктирилгис иштерге каражат бөлүүнү өтүндү. Депутат Мухтар Айнакулов эки жыл катары менен Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялангандан тарта канча айыл дотациядан чыгуу алдында тургандыгына кызыкты.

Талкууну жыйынтыктаган комитет төрагасы Нурбек Алимбеков агрардык өлкө катары саналган Кыргызстан үчүн фито-санитариялык лабораторияларды курууга артыкчылык берүүнү сунуш кылды.

Мындна сырткраы, бир катар комитет мүчөлөрү айыл чарба тармагына тиешелүү министрлик жана айрым мекемелер туш болуп жаткан каржылык көйгөйлөрдү тизмектешип, аларды чечилишин талап кылышты.

Жыйын соӊунда комитет «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорун эл өкүлдөрүнүн сунуштарын эске алуу менен кайрадан карап чыгууга Өкмөткө кайтарды.

Поделиться новостью: