КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 7:08 | 25 чын куран

"Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү бекети транспорттор үчүн убактылуу жабылат

Дата: 17:06, 13-02-2020.

Бишкек. 13 - февраль. КирТАГ – 2020-жылдын 20-февралынан тарта "Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү бекети транспорттун бардык түрү үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган бекеттен жөө адамдар өтө алышат. Иш режими  — 6.00дөн 24.00гө чейин өзгөртүлөт. Ал эми транспорттун бардык түрү "Ак-Тилек", "Кең-Булуң", "Токмок" жана "Чалдыбар" көзөмөл өткөрүү бекеттерине жөнөтүлөт.

Ремонт иштерин 2020-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Жамбиевдин айтымында, оңдоо иштеринен кийин паспорт текшерген кабиналардын саны көбөйөт. Ар бир багыт үчүн төрттөн тилке даярдалат. Ошондой эле күтүү залы ачылат.

Көзөмөл бекетине оңдоо иштерин жүргүзүү чечими Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон сапарында чечилген.


Поделиться новостью: