Кыргызстан Казакстандагы жерге байланыштуу митингдер тууралуу: «Чатакты жөнгө салуунун жалгыз жолу эл менен түздөн-түз байланышта болуу»

Дата: 15:19, 28-05-2016.

Бишкек. 28-май. КирТАГ – Казакстан Республикасынын жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси боюнча Казакстандын эли менен бийлигинин тирешүүсүнүн аягы каршылык акциялары, митинг, камакка алуу жана Казакстандын баардык ири шаарларындашы социалдык-саясий чыңалууга алып келди.

Кыргызстан коңшу өлкөдөгү абалга көз салып келет, өз кезегинде мындай чатактар революцияга жол ачкан.

КирТАГ белгилүү кыргыз саясатчыларына Казакстандагы митингдер тууралуу суроо узатып, пикирин билип көрдү. Казакстандын ЖМКры Кыргызстандагы митингдерди койо беришпейт жана эреже катары терс маанайда көрсөтүшөт. Бул тууралуу кыргыз саясатчыларынын пикири. Башкы суроо, жерди чет өлкөлүктөргө ижарага берүү жана сатууга болгон кыргыз саясатчыларынын көз карашы кандай?

Руслан Казакбаев, Жогорку Кеңештин депутаты, «Республика – Ата-Журт» фракциясы»:
«Бийлик – элдин ишениминин булагы»
- Бийлик – бул биринчиден эл ишениминин булагы. Ар бир демократиялык мамлекетте – бул акыйкаттуулук жана мыйзамдын бийиктиги. Эгерде жарандык коом өлкөнүн Конституциясынын алкагында өз пикирин билдирип жатса – бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Демократиялык принциптер бийик турган баардык өлкөлөрдө коомчулук пикирин айта билүүсү абзел. Ушундай болушу зарыл.

Ток этээр жерин айтсам, жер маселеси өтө олуттуу, өзгөчө Борбор Азия мамлекетеринде. Бул мамлекет аралык дагы, чек ара маселелери дагы, ошондой эле ички маселе. Ал эми мындай абалдан чыгуунун бир жолу – эл менен байланышта болуп, эл менен түздөн-түз сүйлөшүү, коомчулук менен байланышту үзбөө. Мамлекеттин башкы максаты – мамлекеттүүлүктү бекемдөө жана элдин бакубаттуулугун, ар бир жарандын укугун жана эркиндигин коргоо. Бул үчүн элди уга билүү зарыл.

Иса Өмүркулов, Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын лидери: «Кыргызстанда сын айтууга тыюу жок»

- Мен, башка өлкөнүн жараны болгондуктан коңщуларга кандайдыр бир кеңеш берүүгө укугум жок. Анын үстүнө, башка өлкөдө болуп жаткан окуяга баа берип, кеп кылуу этикага жатпайт.

Айта кетчү жагдай, бизде демократия орун алгандыктан, демократиялык нормаларды бузбашыбыз керек. Бизде сын айтууга тыюу жок. Бирок, эгерде кеп бийликти мыкаачылык менен басып алуу, өкмөт мүчөлөрүнүн жана кызмат адамдарынын өмрүнө коркунуч жаралып, колгоо түшүрүү учурунда куралдуу каршылык көрсөтүлө турган болсо, менимче – бул мыйзамсыз, жана алар тиешелүү жазасын алышы керек. Калганы боло берсин! Сын айткыла, пикириңерди билдиргиле, бирок адамды шылдыңдап, басынтуунун кереги жок. Баардыгы мыйзам чегинде болсун. Ал эми баардык жер маселелери жазылган мыйзам менен жөнгө салынат.

Токтогул Какчекеев, саясат таануучу: «Чет өлкөлүктөргө жерди бир гана жалпы улуттук референдум аркылуу берүүгө болот»

- Казакстандагы маселе адаттан тыш мыйзам долбоорунун айынан курчуп кетти. Совет мезгилинде жер менен аймактын бөлүнбөстүк түшүнүгү байланышт эле. Бирок, СССР тараган соң жер дагы пайдаланыла баштады, ал өздүк базар баасына ээ болуп, рыноктук алаканын предмети болуп калды. Казакстандагы тартыш, ал жактагы жер мыйзамынын жаңы беренесинин биринде жерди чет өлкөлүктөргө сатуу/берүү мүмкүн деген сөздөн улам келип чыкты. Калк ушуга нааразы болду, себеби элде жерди сатып алууга акча жок, ошондуктан алар: жер акчалууларга, б.а чет өлкөлүктөргө кетип калаарын түшүнүп турушат.

Эскерте кетчү жагдай, Кытай 7-8 жыл мурда мыйзам жол бере турган, дүйнө жүзүнүн кайсы жеринен болбосун жерди ижарага алуу, сатып алуу чечимин чыгарган. Африкадан, Латын Америкадан, ошондой эле Кыргызстандан дагы жер тилкелери алынган.

2002-жылы акаевчил депутаттар Үзөңгү-Кууштун сатылышына добуш беришкен. Ал жерде – алтын, Кытай курч муктаж болгон миңдеген куб мөңгү суусу бар.

Биз аны кош колдоп өткөрүп берип, Хантеңгриге алмаштык, Кар-Кыраны да берип салдык. Учурда ал жерде мейманканалар, аэропорттор курулуп жатат. А биз болсо, кайсы бир адамдардын макулдугу менен аны жайыт жерлерине алмаштырып салдык.

Мунун баардыгы ошол кезде бийлик башында турган, «акылы кыска» адамдардын айынан болду. Алар кылы кыйшайбастан «анча-мынча» акчага алданып, жерлерди туш келди таратып беришти.

Чет өлкөлүктөргө жер референдум аркылуу гана берилет, себеби Баш мыйзамда жазылгандай, өлкөнүн аймагы – бул туруктуу түшүнүк. Казактар жерин бергилери келген жок, жана президент чиновниктердин туура эмес иш жасап жаткандыгын түшүнүп, мораторий койду. Мен, кандай болбосун баш көтөргөн казакстандыктарды колдойм: алар өз эгемендүүлүгүн аңдап, аймактык бүтүндүүлүгүн жана Казакстандын туруктуулугун сактап кала алышты!.

Поделиться новостью: