Жума күнү Кыргызстандын жамгыр жаайт

Дата: 07:59, 18-05-2018.

Бишкек. 18 - май. КирТАГ – Жума күнү Кыргызстанда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында көпчүлүк аймактарда, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт - деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Абанын температурасы күндүзү Чүй облусунда +20+25°С, Таласта +20+25°С, Баткен облусунда +19+24°С, Жалал-Абад жана Ош облустарында +19+24°С, Нарын облусунда +16+21°С, Иссык-Көл облусунда +15+20°С.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы күндүзү +22+24°C.

Ошто да күн жаайт. Абанын температурасы күндүзү +20+22°C.

Поделиться новостью: