Жума күнү Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт
Бишкек.17- август. КирТАГ – Жума күнү Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында 14 метрге жетиши күтүлөт – деп маалымдайт Кыргызгидромет.
Абанын температурасы күндүзү Чүй облусунда +28+33°С, Таласта +26+31°С, Баткен облусунда +30+35°С, Жалал-Абад жана Ош облустарында +29+34°С, Нарын облусунда +24+29°С, Иссык-Көл облусунда +21+26°С.
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы күндүзү +30+32°C.
Ошто да күн ачык. Абанын температурасы күндүзү +30+32°C.