Жогорку сот депутатты коомдук пикирди туура эмес багытка бурмалагындыкта айыптоодо

Дата: 10:58, 17-10-2018.


Бишкек. 17 - октябрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Кыргызстандын Жогорку соту Гулбара Калиева КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинаны коомдук пикирди туура эмес багытка бурмалагындыкта айыптады. Кайым айтыш парламентте орун алды.
Депутат Ирина Карамушкина, Биринчи май райондук сотунун судьясы Алмаз Калыбаев Раимбек Матраимовду Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилигине кайра кайтаруу чечим кабыл алганын, ошондой эле Матраимовду иштен алган Кубанычбек Кулматовдун да ишин карап жатканын белгиледи.



«Биринчи май районунда башка судья жокпу? Адвокат канча жолу судьяга нааразы экенин билдирди. Бирөө иштен алган соттолуучунун ишин да ал карап жатат», - де тынчсызданды И. Карамушкина.


«Кечирип коюңуз, мен сиздин эмоцияга алдырганыңызды түшүнө албай турам. Биз баш мыйзам боюнча так бир иш боюнча эсеп бербейбиз. Судьяны чакыртып алуучу институт бар. Сураныч парламенттин ыйык трибунасынан судьяларга болгон ишенимсиздик пикирин жаратпаңыз.Бул билдирүүңүз менен коомдук пикирди калыптандырып жатасыз», - деди Жогорку соттук төрагасы Гульбара Калиева.

Эске салсак, 2017-жылы ноябрда Матраимовду экс-премьер-министр Сапар Исаков  иштен алган. Өкмөттүн отставкасынан кийин эле Матраимов сотко кайрылган.




Поделиться новостью: