Жээнбеков: Мамлекеттин миграциялык саясаты жарандарыбыздын турмушун жакшыртууга, айрыкча балдардын кызыкчылыктарын коргоого багытталууга тийиш

Дата: 14:03, 18-12-2018.

Бишкек. 18 - декабрь. КирТАГ – Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Эл аралык мигранттар күнүнө карата кайрылуу жасады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

«Урматтуу мекендештер! Бүгүн дүйнө коомчулугу өз эмгеги менен чет өлкөдө эмгектенип, үй-бүлөсүнө жакшы турмуш шарттарын түзүүгө умтулгандардын күнүн белгилеп жатат. Чет мамлекеттерде иштеп жаткан мекендештерибиздин эмгегин биз жогору баалайбыз. Алар — Кыргызстанда маанилүү социалдык долбоорлорду ишке ашырып жаткан экономикалык инвесторлор », - деди С. Жээнбеков.
Мамлекет башчы, өлкөнүн миграциялык саясаты жарандарыбыздын турмушун жакшыртууга, айрыкча үй-бүлөнүн камкордугунда тарбиялана турган балдардын кызыкчылыктарын коргоого багытталууга тийиштигин белгиледи.

Президент ар бир региондо татыктуу жумушчу орундарын түзүү, миграция иштеп табуунун негизги булагы болбошу керектигин, жаңы билим, тажрыйба жана көндүм алуунун мүмкүнчүлүгү экендигин кошумчалады.

«Быйыл IV „Мекендештер“ форуму өткөрүлдү. Өлкөбүздүн Президентинин алдында чет мамлекеттердеги мекендештерибиз менен байланыш боюнча Кеңеш түзүлдү. Анын милдети — мамлекеттик бийлик органдары менен мекендештерибиздин ортосунда натыйжалуу кызматташууну камсыз кылуу, чет өлкөлөрдөгү мигранттарды колдоо, алардын укуктарын жана  кызыкчылыктарын коргоо», - деди С. Жээнбеков.

Ошондой эле өлкө башчы, Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясында чет мамлекеттердеги мекендештерге колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик саясатты калыптандыруу, аларды мекенине кайра кайтып келиши үчүн шарт түзүү милдети каралган баса белгиледи.

«Мамлекетибиз бул багытта жигердүү иштерди улантып, мекендештерибиздин кайтып келиши үчүн таасирдүү чараларды көрөт. Балдарыбыз, алардын келечеги тууралуу биздин жоопкерчилигибиз, Мекен алдында милдетибиз мына ушунда», - деди президент.



Поделиться новостью: