Жээнбеков Макронду Бастилияны алуу күнү менен куттуктады

Дата: 13:47, 16-07-2018.

Бишкек. 16 - июль. КирТАГ - Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Франция Республикасынын Президенти Эммануэль Макронду жана француз элин улуттук майрам — Бастилияны алуу Күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

«Франция Республикасынын улуттук майрамы — Бастилияны алуу Күнү менен чын дилимден куттуктоомду кабыл алыңыз.
Ар түрдүү чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун позитивдүү динамикасын жана көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагындагы өнөктөштүк өз ара аракеттешүүбүздүн жогорку натыйжалуулугун канааттануу менен белгилейм.

Биргелешкен күч-аракет менен, биздин өлкөлөрдүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн өз ара пайдалуу кыргыз-француз байланыштарынын бүтүндөй комплексин мындан ары өнүктүрүүнү камсыз кылабыз деп ишенем», — деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков Франциянын Президенти Эммануэль Макронго бекем ден-соолук, бакубатчылык жана жогорку мамлекеттик кызматында мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Франциянын дос элине — тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.


Поделиться новостью: