Жалал-Абадда жеңил унаа дарыяга кулап, айдоочу каза тапты
Дата: 09:32, 21-05-2018.
Бишкек. 21 - май. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Жалал-Абад облусунда жеңил унаа дарыяга кулап, айдооочусу каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма кызматы билдирди.
Башкармалыктын маалыматына караганда, 20-май күнү саат 04:09 чамасында Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаасы сууга агып кеткен.
Натыйжада унаанын ичиндеги 20 жаштагы Рустам Масудовду жергиликтүү тургундар куткарып алган, ал эми 53 жаштагы М.Э аттуу айдоочунунун каза болуп калган.