Өзгөчө кырдаалдар министринин кеңешчиси эки айга камакка алынды
Бишкек. 19 – июль. КирТАГ – Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун кеңешчиси Нурбек Жолборсов камакка алынды. Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова Нурбек Жолборсов №1 тергөө абагында 6-июлдан бери отурганын ырастады.
Маалыматка караганда, ал ири суммада пара алган деп шектелип жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Башкы прокуратура азырынча маалымат бере элек.
2018-жылдын 5-декабрында транспорт жана жолдор министринин орун басары 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. 15-декабрда транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кызматтан бошотулган.