Унаа салыгы 1-сентябрга чейин төлөнүшү керек

Дата: 14:48, 18-07-2018.

Бишкек. 18 - июль. КирТАГ – Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөнүн мөөнөтүн эскертет.

Маалыматка караганда, Сентябрга чейин транспорт, кыймылсыз мүлк жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү аяктайт.

"Транспорт каражаттарына салыкты 2018-жылдын 1-сентябрына чейин, ал эми турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) 2-сентябрга чейин төлөө зарыл", — деп айтылат маалыматта.

Башкармалык салыкты өз убагында төлөбөгөн учурда 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынарын эскертти.

Толук маалыматты 194 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.




Поделиться новостью: