Укук коргоочу: Атамбаев өмүр боюу түрмөгө камалышы мүмкүн

Дата: 16:35, 13-08-2019.

Бишкек. 13 — август. КирТАГ – Адам өлтүрүү жана башка оор кылмыштарга айыпталып жаткан мурунку президент Алмазбек Атамбаев өмүр боюу эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова РИА новостиге билдирди.

«Бул маселени карайтурган болсок, оор кылмыштар боюнча айыпталган Атамбаев өмүр боюу эркинен ажыратылган», - деген Карасартова.

Укук коргоочунун айтымында, ал Атамбаевдин айыптоолоруна так ачыктама бералбайт. Анткени тергөө жана сот далилдей элек.

«Бирок анын тегерегинде эмнелер болуп жатканын көрүп жатабыз. Телеканалдары жабылды, жөнөкөй жарандарды кармап кетип жатат», - деген ал

Поделиться новостью: