УКМК: Кулматовдон өлкөдөн чыкпоо боюнча түшүнүк кат алынды

Дата: 15:33, 21-05-2018.

Бишкек. 21- май. КирТАГ – Бишкек шаарынын мурунку мэри Кубанчыбек Кулматовдон өлкөдөн чыкпоо боюнча түшүнүк кат алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, К.Кулматов  бүгүн УКМКга суракка чакырылган.

Буга чейин Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовго кылмыш иши козголгондугу кабарланган эле.

Кулматовго Бишкек шаарына мэр болуп турган жылы (2014) TBEA компаниясы Калыс-Ордо мектебине Бөлгөн 2 млн доллар гранттык каражатты мыйзамсыз иштеткен деген айып тагылууда.

Маалыматка караганда, ал каражат аймактарга эки мектеп салууга берилсе, Кулматов аны өкмөттөн мэриянын карамагына өткөртүп, "Калыс-Ордо" жаңы конушуна мектеп салуу шылтоо менен бөлдүрүп алган. Экс-мэр "Альто Групп" ишканасынын жетекчиси менен сүйлөшүп сынаксыз эле келишимге кол коюп, кытай компаниясынан 1 миллион доллар бөлдүртүп алган. Аталган конуштагы мектепти салууга шаардык бюджеттен кошумча 100 миллион сом да бөлүнгөн.

Учурда ишти аткарган компаниянын жетекчилеринин бири кармалыя,  УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Кошумчалай кетсек, К.Кулматовдун үйү жана аны менен чогуу иш жасаган компаниянын кеңсеси тинтүүгө алынган.

Поделиться новостью: