УКМК атайын эсепке 35 млн сомдон ашык каражат которду
Бишкек. 18 - декабрь. КирТАГ – Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы коррупция менен күрөшүүдөн кайтарылган каражаттардын бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмдөрү которду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
«2018-жылдын 18-декабрында КРнын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул жылдын 22-июнундагы № 298-токтомуна ылайык КР Каржы министирлигинин Бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмдөрү 35 млн. 849 миң. сом өлчөмүндөгү акча каражат которулду» - деп айтылат маалыматта.
УКМК коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында депозиттик эсепке жалпысынан 193 млн. 602 мин сом которгон.