Тажикстандын Кожент шаарында алты буттуу музоо-мутант туулду

Бишкек. 17 - июнь. КирТАГ – Тажикстандын түндүгүндөгү Кожент шаарында алты буту бар музоо туулду, деп билдирет ТажикТА «Ахбор» басылмасына шилтеме менен билдирет.
Жаныбардын моюнунан анча өөрчүй элек буттары салаңдап турат. Алар музоонун алдыңкы жана арткы буттарынан бир кыйла кыска.
Жергиликтүү СМ-1 телеканалынын алып баруучусу Халим Джураев адаттагыдан өзгөчө музоонун сүрөтүн Фейсбуктагы баракчасына жүктөгөн.
Автордун айтымында, жаныбарды ал Коженттеги Неврузгох сейил багында 14-июнда тартып алган. «Алты буттуу уй. Адамдарды ойлонууга түртүүдө», - деп жазат Джураев бул сүрөттүн аннотациясында.
Дүйнөдө үй жандыктарынын 5 буттуу болуп туулганы боюнча окуялар абдан көп. Бирок төрт буттуулар арасында алты буттуу жаныбардын туулганы абдан сейрек кездешет, деп жазат басылма.