Түркиядан дагы 349 кыргызстандык мекенге алып келинди

Дата: 13:53, 24-04-2020.

Бишкек. 24-апрель. КирТАГ – Түркиянын Стамбул шаарында мекенине келүүгө аргасыз болуп турган кыргызстандыктар чартердик рейс менен Бишкекке алып келинди. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 24-апрелде, “Түрк аба жолдору” авикомпаниясынын учагы менен 349 мекендеш келди.

Мындай аракет президент Сооронбай Жээнбеков 10-апрелде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин видеоконференция форматындагы саммитиндеги кайрылуусунун арты менен ишке ашканы белгиленет. Анда мамлекет башчы мекенине кайта албай жаткан жарандарга колдоо көрсөтүү маселесин көтөргөн.

ТИМ чет жактагы жарандарды алып келүү иштери мындан ары дагы уланарын кошумчалады.

Поделиться новостью: